ГВИНЕЯГА кошумча

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 9 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

2005-жылы бир нече саясий реформалар жүргүзүлдү: оппозициялык партиялардын ишмердүүлүгү кепилденди, шайлоо комиссиясы түзүлдү. 2008-жылдын 22-декабрында президент Л. Конте каза болгондон кийин капитан М. Д. Камара баштаган аскер адамдарынын тобу өлкөдөгү бийликти басып алган. 2009-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоого даярдык көрүү үчүн 159 адамдан турган Улуттук өткөөл кеңеш (УӨК) түзүлгөн. Камара 2010-ж. президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, шайлоо өткөрүүнү убада кылган. Бул билдирүү нааразылык толкунун жараткан. Сентябрда демонстрациялар куралдын күчү менен таркатылкан. 2009-ж. борбор шаары Конакриде 150гө жакын адам каза болгон. Бүткүл Батыш Африканы туруксуздаштыруу коркунучун жараткан Гвинеядагы саясий чыр-чатактарды жөнгө салууга БУУ жана ЕБ катышып, Гвинея бийлигинин аракеттерин айыптаган, Африка Биримдиги (АУ) жана ECOWAS Гвинеяны санкцияларды киргизүү менен коркутушкан. 2009-жылы 3-декабрда Камара ишке ашпай калган кол салуудан жаракат алып, чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүлгөн. Генерал С. Конате өлкөнүн президенти болуп калган. 2010-жылы май айында жаңы Конституция кабыл алынган. Ошол эле жылы биринчи демократиялык президенттик шайлоо өткөрүлүп, Гвинея элинин биримдиги партиясынын лидери А.Конде 52,5% добуш менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2014-жылы февралда өлкөдө Эбола эпидемиясы башталып, миңден ашуун адам каза болгон. 2015-жылдын март айында президент А.Конде Эбола эпидемиясынан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Гвинеяда коррупция олуттуу көйгөй бойдон калууда. Эл аралык Трансперенси Интернэшнл (Transparency International) уюмунун маалыматына ылайык, Гвинея 2019-жылы коррупция боюнча 180 өлкөнүн тизмесинен 130-орунда турат. 2015-жылдагы президенттик шайлоодо А.Конде өз кызматын сактап калды, болжол менен добуштардын 58%ине ээ болгон. 2020-жылдын март айында Гвинеяда конституциялык референдум жана парламенттик шайлоо өткөн. Президенттин «Гвинея элинин биримдиги» партиясы добуштардын көпчүлүгүн (114 добуштун 79у) алган. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда шайлоочулардын 91,59% Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоп, добушун беришкен, бул азыркы президент Конденин үчүнчү мөөнөткө кайра шайлануусуна мүмкүндүк берет.