ЖУМАБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖУМАБАЕВ Бектемир Миталипович (14. 6. 1960-жыл, Ош облусу, Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы - 16. 1. 2014-жыл, Бишкек шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2010), профессор (2014). 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн. 1983 –1988-

Тарых илимдеринин доктору, профессор Жумабаев Бектемир Миталипович

жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы социология бөлүмүндө кызматкер, 1988 –1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1996-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттын жардамчысы, 2001–2008-жылдары Э. Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинин Чыгыш тилдери жана маданияты институтунун директору, 2008–2014-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы, Кыргыз тарых коому эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти болуп иштеген. Ал 100дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Эмгектери.: Жумабаев Б. М. Русские экспедиции на Памир и Алай во второй половине XIX – начале XX вв. - LAP Lambert Academic Publishing, 2012; Жумабаев Б. М. Южный Кыргызстан глазами российских путешественников (вторая половина XIX–начало XX вв.) / Ответственный редактор - член-корреспондент Национальной академии наук Кыргызской Республики, профессор К. У. Усенбаев; редактор - В. Я. Галицкий. – Бишкек: Государственная дирекция «Ош-3000» при Правительстве Кыргызской Республики, 1999; Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу редактор. Э. Ж. Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009. Текке кетпес өмүр бар: Тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаевдин (1960– 2014) жаркын элесине: Макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, жана башкалар – Бишкек: Maxprint басмасы, 2014. “Мурас” фонду. “Тарых жана мурас” түрмөгү).