«АК ТЕРЕК-КӨК ТЕРЕК»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:50, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АК ТЕРЕК-КӨК ТЕРЕК» ‒ балдардын жигердүүлүктү талап кылган оюну. Чогулган балдар, кыздар болуп эки тарапка бөлүнүп, маӊдай-тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашып турушат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен «Ак терек-көк терек, бизден сизге ким керек?» дешет. 2-тарап бирөөнүн атын атайт. Аты аталган бала же кыз катуу күү менен жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракет кылат. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгер кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын аз тобун өз тарабына алып кетет. Ушундай эле аракетти 2-тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот. Бул оюн азыр деле балдардын арасында ойнолуп жүрөт.

Кызык.jpg
Оюн.jpg
Ак терек.jpg