«АЖАЛ ОРДУНА» драмасы
«АЖАЛ ОРДУНА» – кыргыз музыкалык драмасы. Драманын автору – Ж. Турусбеков (1934). А. Малдыбаев, Д. Ковалёв, П. Шубин драманын музыкасынын алгачкы вариантын 1934‑жылы, ал эми соңку музыкалык редакциясын
В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. 1938‑жылы биринчи жолу сахнага коюлган. Режиссёрлору: А. Куттубаев, В. Я. Васильев, дирижёру: В. Целиковский, сүрөтчүсү: Я. Штоффер болушкан. Баш каармандардын образдарын түзгөн туңгуч аткаруучулар: А. Куттубаева (Зулайка), А. Боталиев (Искендер), А. Малдыбаев (Бектур).
Бул тарыхый музыкалык драмада кыргыз элинин 1916‑жылдагы көтөрүлүшү сүрөттөлгөн. Элдик мотивдер менен профессионалдык музыканы чебер айкалыштыруунун натыйжасында «Ажал ордуна» музыкалык драмасы улуттук искусствонун жаңы баскычына көтөрүлгөн.