БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович (17. 12. 1954-жылы туулган, азыркы Балыкчы шаары) – милициянын генерал-майору (2011). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин бүткөн (1977). 1977–81-жылдары Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн инспектору, 1981–83-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1983–85-жылдары Сокулук, 1985–88-жылдары Чүй райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1988–91-жылдары Кыргыз ССР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштери боюнча улук ыкчам өкүлү, 1991–93-жылдары Талас, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1993–96-жылдары КР ИИМдин экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальнигинин 1-орун басары, 1996–2001-жылдары КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын (ГУБОП) начальниги, 2001–10-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2010–11-жылдары КРдин Убактылуу Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, 2011–12-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, «Менде сый-урмат бар» улуттук аскер бирлигинин төрагасы, КРдин бильярд спорту федерациясынын башкы катчысы жана биринчи вице-президенти. Самбо боюнча СССР спортунун чебери (1972). КРдин таэквондо федерациясынын биринчи вице-президенти (1993). КР ИИМдин бильярд боюнча чемпиону (1999). Бильярд спорту боюнча Бишкек шаарынын вице-чемпиону (2000). «Милициянын отличниги». СССРдин жана КРдин медалдары, КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган.