ЖАКИЕВ БЕКСУЛТАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖАКИЕВ Бексултан (6. 1. 1936-жыл, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы – 25. 4. 2021-жыл, Бишкек шаары) – драматург, публицист, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Бексултан Жакиев.jpg

Кыргыз Республикасынын маданий, коомдук, саясий турмушунда маанилүү орунду ээлеген, кыргыз тарыхында мыкты инсандардын катарын толуктаган Бексултан Жакиев 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинн филология факультетин аяктаган. 1960–1962-жылдары Москва шаарындагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган. Алгач эмгек жолун 1963–1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин 1963–1968-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, 1972–1975-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988–1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994–2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, ошону менен катар 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы  болгон.

Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттаган. Бул чыгармасы менен автор кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ушул күнгө чейин аталган драма Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында 500дөн, ал эми Казакстан Республикасынын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык кайра-кайра коюлган. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган.

Б. Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч жана актуалдуу, жашоонун чындыгын ачып берген «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары да элдин сүйүп, издеп окуган чыгармаларына айланган. Мындан сырткары бир катар новелла, аңгеме, очерк, кино сценарийлердин да автору («Азамат Алтай», «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969).

Бексултан Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында бүгүнкү күндө да коюлуп келет.

Көп кырдуу талант катары белгилүү чет элдик жазуучулар Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз котормо адабиятына чоң салым кошкон.

Коомдук ишмер, мекенчил жаран катары Б. Жакиев 2000–2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөчүлүк өнөрлөрү боюнча сунушу ЮНЕСКО тарабынан «Адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври» деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Бексултан Жакиев башында драматург катары таанылса, кийинки мезгилдерде, элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келе жаткандардын башкы сабында турган. Ал руханий жактан өткөөл учурду баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кыйчалыш мезгилинде көсөмдүк, даанышман жактары менен айрымаланып, коомчулуктагы болуп жаткан жат көрүнүштөргө үн катып, ак сакал катары өмүрүнүн акырына чейин акыл насаатын айтып келди. «Бизге кур намыс эмес, ар намыс керек» деген сыяктуу макалалары Бексултан Жакиевди акыркы өзүн драматург эмес публицист катары да көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүнүн коомго, мамлекетке керектүү адам экенин далилдей алган.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын даанышман адамы Бексултан Жакиев өмүр, чыгармалык жолунда мамлекет алдында жасаган иши жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры, III даражадагы Манас ордени, «Даңк» медалы, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты жана Казакстан Республикасынын Астана медалдары менен сыйланган.