БАГЫШ уруусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАГЫШ--кыргыздардын оӊ канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Санжыралык уламыш боюнча, Тагай бий ак үйлүү болуп Эреше Ханга барганда, ал жерден үйлөнүп, аялы боюнда бар кезде мекенине кайтып келет. Кетер алдында аялына: «эгер эркек бала төрөсөӊ атын Чоро деп кой, себеби мен ханга чоро болуп жүргөндө төрөлдү. Эр жеткенде анын улуту кыргыз, уруусу үчбагыш, атасы Тагай экендигин айт, азамат болсо мени издеп табаар», ‒ деп айтып, белги катары кестигин (бычагын) калтырып кетиптир. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Карачоро коёт. Бирок анын кичине кезиндеги ылакап аты Жангороз болгон экен. Эр жеткенде Карачоро атасынын чоо-жайын угуп, аны издеп табат. Эл аны Тагайдын Багыш баласы деп, Багыш атка кондурат. Уламыштагы маалыматтар боюнча Карачоро, Жангороз, Багыш деген аталыштар Багыш уруусуна таандык. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, багыш уруусу кыргыздардын чоӊбагыш, сарыбагыш, карабагыш уруулары менен тектеш уруулардан болгондугун алардын этнонимдери аркылуу белгилешип, бул уруулардын түпкү тегин орто кылымдардагы түштүк сибирлик кыргыздар менен байланыштырат. Этнограф С. М. Абрамзондун пикири боюнча багыш этноними байыркы мезгилдеги тотемдик түшүнүктөн жаралган. Окумуштуу анын жаралуу генезиси Түштүк Сибирь аймагында болгон деген жыйынтыкка келген. Анткени багыш аттуу жаныбар Теӊир-Тоо аймагында жашабайт, ал тараган ареал Түштүк Сибирь аймагын камтыйт деген көз карашын билдирген. Багыш уруусу ожубак, коржу, көнөк, көкүм, бадам, кошпычак, эрназарбек жана могол уруктарына тарайт. Суумурун (нурмамбет) жана келдике (көнөк) деп аталган бөлүктөрү солто менен сарыбагыш урууларынын курамына аралашып кеткен. Ожубак‒кандуу моюн, көкүм‒доскулу, коржу‒мадемил, майдан бутактарына тарайт. Бадам уругу ‒ куттуксейит, узунжете, алакуржун, акмончок, көкмончок, аккөйнөк, байтөбөт, чычар ж. б. топторго бөлүнөт. Көнөк уругу сарыгул, төмөнчекти, баястан, ырай, күчүк, найман ж. б. топторго ажырайт. Багыш уруусунун ичиндеги могол, найман, черик уруктары ‒ бул урууга кыргыздын аталган урууларынын бөлүктөрүнөн кошулгандыгын далилдешет. Багыш уруусу жайгашкан чөлкөмдөргө Ала-Бука районунун басымдуу аймактары: Чаткал, Аксы, Талас, Токтогул райондорунун айрым жерлери кирет. Мындан тышкары, Чүйдө солто уруусунун ичиндеги суумурун (нурмамбет) жана Кочкордогу сарыбагыштардын арасындагы келдике уруктары багыш уруусунан тараган.

                                                                                                                                          Р. Жолдошов.