БАГРАТИОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАГРАТИОНЛОР‒ 9‒19-кылымдардагы грузин падышаларынын династиясы. Багратиондор Спери (Түркиядагы азыркы Испири) провинциясынан чыгышкан. 9-кылымдын 1-жарымында Ашот I Түштүк Грузияда күчтүү Тао-Кларжети княздыгын түзөт. Давид Строитель (1089‒1125), Георгий III (1156‒84), Тамара (1184‒1213) Багратиондордун көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан. 15-кылымдын аягында Грузия мамлекети кулагандан кийин, Багратиондор Картлий, Кахетин жана Имеретин падышачылыктарын башкарган. Багратиондордун падышалык бийлиги 1801-жылы Грузия Россиянын курамына кошулгандан кийин жоюлуп, анын бир бутагы орус княздарынын катарына кошулган. Багратиондордон Вахушти, Давид өӊдүү тарыхчылар, орус полководеци П. И. Багратион сыяктуу белгилүү адамдар чыккан.