БАБИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАБИЗМ‒ диний сектанттык окуу жана саясий кыймыл. 19-кылымдын 40‒50-жылдарында Иранда шахтын жеке бийлигине жана чет өлкө капиталына каршы нааразычылыктан улам пайда болгон. Баб атка конгон шираздык соодагер Али Мухаммед (1819‒47) негиздеген. Бийлик тарабынан Баб камалып, түрмөдө «Баян» деген китебин жазган. Анда адамдардын теӊдиги, алардын укугун коргоо, бабилердин бийлигин орнотуу, баби тууралуу идеясы айтылган. Бабдын окуусун анын шакирттери ‒ Мухаммед Али Барфуруши, Куррат ал-Айн андан ары улантышып, салыктын бардык түрлөрүн, жеке менчикти жоюу, аялдар теӊдигин үгүттөшкөн. 1848‒52-жылы Бабилердин көтөрүлүшү басылган соӊ, Бабдын окуучусу Бехал жаӊы окуу ‒ Бехаизмди негиздеген.