БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ ‒ Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырак-Тоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын дарыясы, чыгышынан Кара-Үӊкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орточо бийиктиги 3480 м, эӊ бийик жери ‒ 4427 м, Бабаш-Ата чокусу. Узундугу 70 кмдей, туурасы 25 км. Түндүк-чыгышы түштүк-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөӊгүлүү; түштүк-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Түзүлүшү боюнча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Алаш-Тоодогу кайкыда саздар жана башаттар көп. Майлы-Сай, Кара-Үӊкүр ж. б. суулар Бабаш-Атадан башталат. Кырка тоонун түштүк, түштүк-чыгыш капталдарына кургак талаа (800‒1000 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1000‒1700 м), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700‒2800 м), субальп (2800‒3000 м), альп шалбаасы (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден өйдө); түндүк-батыш капталдарына талаа (1000‒1700 м), шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700‒3000 м), субальп жана альп шалбаа (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өӊдүү жапайы дарактар, жаӊгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр өрөөндөрүндө) жыш. Малга жайлуу.

Ө. Бараталиев.