БАБАК ВАЛЕНТИН ФЕДОРОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(1937), техник илимдеринин доктору (1994), профессор (1996).

Улуту украин. Украин ССРи, Киев областынын Смелы шаарында туулган. Фрунзедеги политехник институтун 1961 - жылы бүтүргөн, аспирантураны 1969-ж. Москвадагы станоккуруу институтунда окуган. Эмгек жолун токар болуп иштөө менен баштап, инженер–конструктор, заводдо цехтин башчысы, Фрунзедеги политехник институтта ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, профессор болуп иштеген. Машине куруу обжекттерин долбоорлоонун автоматташтырылган системдерин иштеп чыгуу, формалдык тилдерде моделдөө тармактары боюнча кесип ээси. Эл аралык маалыматташтыруу академисинын академиги (1998). КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кырг. ССРинин Ардак грамотасы менен 1964-ж. сыйланган. 120 илимий эмгектин ээси, анын ичинде 4 монография, 6 окуу куралы, 4 электрондук окуу куралы жана монографиясы бар.