БААТЫРКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БААТЫРКАН Ногой уулу (1843‒1928, Ысык-Көл өрөөнү, Сары-Дөбө айылы) ‒ Түп аймагында 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылды жетектегендердин бири; Түп болуштугунун болушу. 1916-жылдын 12-августунда Аралда өткөн жыйында көтөрүлүшчүлөр Батыркан Ногой уулун хан көтөрүшкөн. Баатыркан жетектеген көтөрүлүшчүлөр ошол эле күнү Преображенское (азыркы Түп) кыштагын алууга аракет жасап, Пржевальск (азыркы Каракол) шаарын камоого алышкан. Бирок, курчоодогуларга жардамга келишкен жакшы куралданган орус падышачылыгынын аскерлери туруштук бере албай чегинүүгө мажбур болушкан. Падыша өкмөтүнүн жазалоочу отрядына катуу каршылык көрсөтүшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн күчү теӊ болбогондуктан, айласыздан октябрь айында Кытайга кире качууга аргасыз болушкан. Качкындардын Баатыркан баштаган тобу Текес, Кулжага чейин барышкан. Алар 1918-жылы гана өз жерине кайтып келишкен.

Ад.: Усенбаев К. У. Восстания 1916-года в Киргизии. Ф.,1967; Шейшеканов Т. Көлдөгү көтөрүлүш. Б., 2003.