Абд ар-Рашид-хан II
Jump to navigation
Jump to search
Абд ар-Рашид-хан II (туулган жылы белгисиз – 1694-ж. өлгөн) – Моголстан (Жаркент) ханы (1680–1682), Султан Саид Баба (1628–1680) хандын уулу, Абд ар-Рахим (1560–1635) хандын небереси. Өмүрүнүн аяк ченинде Чыгыш Түркстандагы Комул жана Чалышты (Карашар) бийлеген. 1680-жылы жунгар ханы (1671–1697) Галдан-Бошоктунун жардамы менен менен актоолук кожолор Жаркент менен Кашкарды алып, такка Абд ар-Рашидди отургузушат. 1682-жылы Галдан-Бошокту Жаркентти кайрадан каратып, бийликти Аппак-кожого (1626–1693/94) берген.