АЯТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЯТ, (ар. аят ‒ керемет, укмуш) ‒ Курандын касиеттүү саптары; Курандын эӊ кичине, өз алдынча бөлүктөрү. Бир нече Аят биригип, сүрөөнү (бапты) түзөт. Аятты мусулмандар кереметтүү ырлар деп аташат. Аят Куран 114 сүрөөдөн турат. Ал сүрөөлөр узундугу, көлөмү боюнча белгилүү бир тартип менен жайгашкан жана ар бир сүрөө Аятка бөлүнөт. Эӊ узун сүрөөдө 286 Аят бар. Аяттарда бир сөздөн 68 сөзгө чейин болушу мүмкүн. Куранда бардыгы 6204‒6236 (ар кыл эсептөөлөр боюнча) Аят, анда 77934 сөз бар. Араб ири дин уламаларынын ою боюнча, Курандын аят-сүрөөлөрү кереметтүү күчкө, укмуштай купуя сырга ээ болгондуктан, аны башка тилге которуу болбойт деген табу кылымдар бою сакталып келген. Бирок, мусулман калкынын билим-маданият деӊгээлинин жогорулашы, Куранга болгон кызыгуулардын натыйжасында жогорудагы табу өз күчүн жоготконсуду. Азыр Куран кыйла элдердин тилине которулуп, жарык көрүүдө. Кыргызчасы Эрнис Турсуновдун которуусунда жарык көргөн.

                                                                                                                                  Б.Солтонбеков.