АЯЛУУ (АНОМАЛДУУ) БАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЯЛУУ (АНОМАЛДУУ) БАЛДАР ‒ дене бою же психикалык жактан өнүгүшү нормалдуу эмес, атайын шарттарда тарбиялап-окутууну талап кылуучу балдар. Мындай балдардын өсүп-өнүгүшүнүн нормадан четтөөсү тубаса жана кийин пайда болгон деп бөлүнөт. Кээде «майып балдар» деген термин да колдонулат. Аялуу балдардын майыптыгынын негизги категориялары: көрүүсү, угуусу, сүйлөөсү бузулган, кем акыл балдар. Аларды тарбиялап, окутуу дефектология илиминин мазмунун түзөт. Мындай балдарды үйрөнүү процессинде майыптыктын башталышы, анын мүнөзү жана убактысы, баланын аномалдуу өсүшүнүн жолдору айкындалат; баланын сезгичтигинин бузулушунун так мүнөздөмөсү (анын угуусу, көрүүсү, ойлоосу канчалык даражада начарлагандыгы ж. б.) берилет. Окутуу процессинде өсүү кемчиликтерин аныктоо жана аларды компенсациялап, толуктоонун жолдорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүүчү педагогикалык изилдөөлөр өзгөчө мааниге ээ. Баланын сабакты начар өздөштүрүүсү көп учурда анын угуу же көрүү органдарынын начар же психикалык жактан өсүшүнүн төмөн экендигин өз убагында байкап билбегендиктен келип чыгат. Ошондуктан бул кемчиликтер билинер замат ата-энелер педагогдорго жана психоневрологдорго кайрылып, консультация алышы зарыл. Мындай баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек.