АЯЛДАР БИРИКМЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЯЛДАР БИРИКМЕСИ‒ алгачкы коомдо бир нече общинадагы аялдарды бириктирген социалдык институт. Ал алгачкы коом ыдырап бара жаткан мезгилде эркектер бирикмесинин пайда болушуна каршы жооп иретинде уюшулса керек. Негизинен Батыш Африка жана Меланезия жакка тарап, аялдардын жашыруун бирикмелеринин уюшулушуна өбөлгө түзгөн. Аялдар бирикмесинде өзүлөрүнүн ырым-жырымдарын аткарышкан, жыйналышып майрамдарды өткөрүшкөн. Анын мүчөлөрү жаш курагына карата бөлүнүшкөн. Аялдар бирикмесинин калдыктары Евразиянын айрым элдеринен учураган.

                                                                                                                                           А. Жапаров.