АЭРОМАГНИТОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЭРОМАГНИТОМЕТР ‒ Жердин магниттик талаасын учма аппараттан ченөөчү прибор. Индукция принцибинде жасалган аэромагнитометрдин геомагнит талаасынын сезгич бөлүгү зым менен оролгон айланып турчу рамадан турат. Жер магнетизминен рамада пайда болгон электр тогу магнит талаасынын өлчөмүн көрсөтөт. Аэромагниттик съёмкада колдонулуучу ферозонддуу анын иштеши магниттик каныгуу касиетине негизделген. Аэромагнитометрге самолёттун электр-магниттик талаасы таасир этпес үчүн, анын сезгич бөлүгү самолёттун сыртына орнотулат, ал эми так өлчөөлөрдө ал 30‒50 м кабель (кермезым) менен сүйрөтүлүп коюлат.