АШЫМБАЕВ
АШЫМБАЕВ Абдааким (21. 12. 1935-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Кажар кыштагы)‒ КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984), тоокен иштери боюнча илимпоз, техника илимдеринин кандидаты (1973). Фрунзе политехникалык институтунун геология жана тоокен факультетин бүткөн (1965). 1966-жылдан КР УИАнын Тоотектердин физикасы жана механикасы институтунда инженер, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, институттун директорунун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдан КМТУда кафедра башчысы. 130дан ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 3 монографиянын) автору, 1 ойлоп табуунун ээси. Эмгектери кендерди кайрадан иштеттүү жана сапаттуу казып алуунун системасын түзүүгө багытталган. Мындан тышкары минералдык сырьёлорду кайрадан иштетүүгө даярдоо жолдорун, жаӊы ыкмаларын, ошондой эле тоокендердин сапатын жогорулатуу технологияларын иштеп чыгып, аларды ишке киргизген.