АШШУРБАНИПАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШШУРБАНИПАЛ, А ш ш у р б а н а п а л ‒ Ассириянын падышасы (б. з. ч. 669‒633-жылдар чамасында). Ассирия мамлекетин сактап калуу үчүн аскердик жана дипломаттык күрөш жүргүзгөн. Ассирияга каршы көтөрүлүш чыгарган Египетке бир катар жортуулдарды жасап, аны багынтса да, Египет Ассириядан биротоло бөлүнүп (655-жылы) кетет. Ашшурбанипал батышындагы Тир менен Арвадды багынтып, чыгыш жана түндүк жагындагы киммерийликтер, скифтер, персиялыктар жана мидиялыктар менен күрөшөт. Б. з. ч. 653-жылы Вавилонду башкарып турган өзүнүн иниси Шамашшумукин Ашшурбанипалга каршы көтөрүлүш чыгарат. Б. з. ч. 648-жылы Вавилонду каратып, андан кийин анын союздаштарын биринин артынан бирин талкалайт. Өмүрүнүн акыркы жылдарын да (639-жылы) Эламды талкалайт жана арабдарга каршы жортуул жасайт. Ашшурбанипалдын буйругу менен он миӊдеген тарыхый, диний жана илимий жазмалар жыйналган. Ашшурбанипалдын китепканасы Ниневиядагы ( б. з. ч. 8‒7-кылымдарда Ассириянын борбору) 1849‒54-жылдардагы казуулардын жүрүшүндө табылган.