АШУБАЕВ Жекшен

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШУБАЕ́В Жекшен (1912-жыл, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы ‒ 1943-жыл, Ростов-на-Дону шаары) ‒ жазуучу, акын жана драматург. 1925‒1931-жылдары Түптөгү айыл чарба техникумунда окуган. «Кочкор», «Оргочор» совхоздорунун саясий бөлүмүндө (1931‒1936), Каракол райком комсомолунун секретары, Кыргызстан ЛКСМ обком комсомолунун секретары (1936‒1937), Кыргызстан жазуучулар союзунун жана «Советтик адабият жана искусство» журналынын аппаратында, Чүй райондук эл агартуу бөлүмүндө (1937‒1941) иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал адабият майданына 1939-жылы келген. Балдарга арналган «Кайырдуу достор» поэмасы (1940), кыргыз интеллигенциясынын турмушун чагылдырган «Тереӊ кечүү» повести (1941), «Мөмөлөрүм» (1940) пьесасы жана башка чыгармалары бар. «Достук» аӊгемеси, «Коштошуу» драмасы согуш темасына арналган. Аты туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке берилген.