АШТАРХАНИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШТАРХАНИДДЕР, ж а н и д д е р ‒ Бухара хандарынын 1599‒1765-жылдары бийлик жүргүзгөн династиясы, астрахань хандарынын тукумдары. Аштарханиддердин бийлиги Бухарада Шейбаниддердин бийлиги кулатылган соӊ орнотулган. Аштарханиддердин көрүнүктүү бийлөөчүлөрү: Имамкулихан (1611‒42), Убайдуллахан II (1702‒11). Аштарханиддердин тарыхы көчмөн өзбек уруулары, каракалпак, казак жана калмактардын саясий күрөштөрү менен тыгыз байланыштуу. Айрым бир тарыхый маалыматтарда алардын саясий иштерине кыргыз уруу төбөлдөрү да катышканы айтылат. Мир Мухаммед Салим ажынын «Султандардын санжырасы» («Силсилат ас-Салатин») деген эмгегинде (1730‒31) Аштарханиддерде таасирлүү бийликтеги Назар бий жана анын уулу Хосров бек буруттар (кыргыздар) болгондугу эскерилет. Бухара хандыгынын тактысына маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим аталыктын отурушу менен Аштарханиддердин бийлиги аяктаган.