АШМАРИН Николай Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШМАРИН Николай Иванович [22.9 (4. 10). 1870, Ядрин шаары, Казань губерниясы (азыркы Чувашия) ‒ 26. 8. 1933, Казань шаары] ‒ тилчи, түрколог. СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1929). Москвадагы Лазарев институтун бүтүргөн (1896). Ошол эле жылдан Казань университетинде окутуучу, кийин Казань, Симбирск, Баку (Азербайжан университети) жогорку окуу жайларынын профессору болгон (1919‒31). Н. Ашмарин чуваш тилинин лексикасы, диалектилери жана говору, этнографиясы жана тарыхы жөнүндөгү баалуу маалыматтарга бай «Чуваш тилинин сөздүгү» аттуу 17 томдук эмгеги менен атагы чыккан. Түркологияга, чуваш тилине байланыштуу 30га жакын эмгек, анын ичинде «Чуваш тилин изилдөө үчүн материалдар» (1897‒99), «Чуваш тилинин синтаксисин изилдөө маселелери» (1-бөлүк, 1903; 2-бөлүк, 1923) ж. б. жазган.
Ад.: Н. И. Ашмарин ‒ основоположник чувашского языкознания. Чебоксары, 1971; Федотов М. Р. Н. И. Ашмарин: Краткий очерк жизни и деятельности. Чебоксары, 1995.