АШИРАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШИРАЛИЕВ Абдиумаматкадыр (1953-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Ак-Тоок айылы)‒ техника илимдеринин доктору (2002). ФПИни бүтүргөн (1976). Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун, механика жана тоо-кен машиналары бөлүмүндө инженер (1976), «Импульс» илимий инженердик борборунда окумуштуу-катчы (1989), ЖАМУда окутуучу, доцент, окумуштуу-секретарь, кафедра башчы, илимий иштер боюнча бөлүм башчы, декан, ректор. 50дөн ашык илимий эмгеги жана монографиясы жарык көргөн. Алар негизинен тоо тектерин бургулоо үчүн өндүрүмдүү машиналарды түзүүгө жана тоо жумуштарын механикалаштырууга багытталган.