АШЕЛЬ ДООРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АШЕЛЬ ДООРУ--байыркы палеолиттин экинчи баскычы. Франциядагы Амьен шаарына жакын Сент-Ашель жергесинен табылган байыркы эстеликтин аты менен аталган. Ашель доорунун байыркылыгы мындан 800‒120 миӊ жыл мурдагы мезгилге барабар. Ашель доору эрте, ортонку жана соӊку болуп бөлүнөт. Ал мезгилде архантроптор, палеоантроптор жана алгачкы HOMO SAPIУNSтер жашашкан. Ашель эстеликтери Африкада, Алдынкы жана Түш. Чыгыш Азияда, Батыш Европада кездешет. Ири жаныбарларга аӊчылык кылуу биримдикти жана жакшы куралданууну талап кылган. Таш куралдары ар кандай иштерди аткарууга багытталып жасала баштаган. Турак жайлардын ар кандай чарбалык иштерге багытталган түрлөрүн айырмалоого болот (мисалы, аӊчылык турак жайлар, таш иштетүүчү устаканалар). Ашель адамдары отту колдонушкан. Кыргызстандагы эӊ байыркы эстеликтер (Саламат-Булак, Ак-Өлөӊ, Сел-Үӊкүр) Ашель дооруна таандык.
К. Табалдиев.