АШАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШАР (ар. хашар ‒ жардамдашуу) ‒ бир ишти бүтүрүү үчүн көпчүлүк чакырылып, биргелешип иштөө, жардамдашуу салты. Ашар эмгектин коллективдүү формасы катары байыркы доорлордо пайда болгон. Ал элдик көркөм кол өнөрчүлүктө (килем токуу, чий чырмоо, өрмөк согуу, кийиз жасоо, шырдак шыруу), дыйканчылыкта (отоо, чөп чабуу, эгин оруп-жыюу, арык казуу), мал чарбачылыкта (жүн кыркуу) жана үй курулуштарында кеӊири колдонулуп, иштин арымын тездетет. Устаттар үйрөнчүктөргө ишти жасоонун ыкмасын, жол-жобосун көрсөтүшөт. Ашарга келгендерди үй ээси тамак-аш берип сыйлайт. Ашар сыяктуу жардамдашуу салты казактарда (асар, «үме»), орустарда («помощь»), украиндерде («толока»), белорустарда («талака») ж. б. элдерде да бар. Бүгүнкү күндө Ашар элдик демилге салтынын булагынан болуп калды.