АЧЫК ТАШТАР
Jump to navigation
Jump to search
АЧЫК ТАШТАР‒ элдик кол өнөрчүлүктө жээк жип, жүн, кийиз жана тери боёгондо боёкко кошуучу зат. Аны колдонуудан мурда жылуу сууга эритип, ага боёк салынуучу ысык сууну кошуп, чогуу кайнатат. Кайнаган сууга боёк салып, дагы бир жолу кайнатып, боёло турган буюмду (жүн, кийиз, жээк жип) сууга салып, 1,5‒2 саатча кайнатуу зарыл. От өчүрүлүп, суу муздаганча буюмдар боёкто калтырылат, ал эми терини боёгондо муздатып туруп колдонот.