АЧЫК-ТАШ КҮКҮРТ КОЛЧЕДАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЧЫК-ТАШ КҮКҮРТ КОЛЧЕДАН КЕНИ ‒ Талас районунда, Талас шаарынан 28 км түндүк-батышта, деӊиз деӊгээлинен 1800‒2000 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү эл илгертен эле кенден алынган күкүрттөн дары жасаган. 1945‒55-жылдарда СССР химиялык өнөр жай министрлигинин «Средазгеохим разведка» трести чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагы протерозойдун өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланецтеринен түзүлгөн. Кенде колчедандын (пириттин) калыӊдыгы 400 м жана узундугу 2 км болгон 2 зонасы бөлүнгөн. Кенташта (рудада) пириттин өлчөмү 30‒95%. Кенташтан күкүрт кислотасын алууга болот. Бекитилген күкүрттүн запасы: В категориясы боюнча 493 миӊ т, С1‒ 1729 миӊ т, С2 ‒ 976 миӊ т.