АЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЧЫ ‒ Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Алля Анаров айыл аймагына караштуу. Ош ‒ Араван автомобиль жолунун боюнда, Кыз-Коргон жана Чил-Устун тоолорунун аралыгында, деӊиз деӊгээлинен 770 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 22 км. 1929-жылы негизделген. Калкы 2 004 (2022); негизинен пахтачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары Айтбай Анаров, Алля Анаров жана П. Т. Слюсаренко туулган.