АЦИДОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЦИДОЗ (лат. acidus ‒ кычкыл) ‒ денедеги органикалык кислоталардын жетишсиз бөлүнүшүнүн жана кычкылданышынын натыйжасында кислота жегич теӊ салмактуулугунун бузулушу. Ал денеде, кан менен ткандарда кислота аниондорунун өтө көбөйүүсүнөн болот. Түрдүү ысытма ооруларда, ич өткөктө, кош бойлуу учурда, ачка болгондо ж. б. кислоталар денеден жакшы бөлүнүп чыкпай, анда топтолуп, жеӊил түрүндө ‒ ацетоуксус кислотасы жана ацетон пайда болот; оор түрүндө (кант диабети ) комага алып келет. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.