АФШАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФШАРЛАР‒ Ирандын түндүк-батышы менен түндүк-чыгышында жана Афганистандын түндүк-батышындагы түрк уруулар тобу. Саны болжол менен 300 миң адам (2000). Ирандын түндүк-батышындагылары азербайжандарга, Афганистандын жана Ирандын башка райондорунда жашагандары түркмөндөргө жакын. Алар азери тилинин таасири астында түштүкогуз диалектилеринде сүйлөшөт. Ислам динин (Афганистандагылар суннит мусулмандары жана Ирандагылар шиит имамиттери) тутушат. 16-кылымда Афшарлардын ата-бабалары Сефевиддер тарабынан Ирандын түндүк-батышынан (Түштүк Азербайжан) өзбектерге каршы күрөшүү үчүн Хорасанга отурукташкан. Афшарларды экинчи жолу 1729–30-жылдары Кырклунун Афшар уруусунан чыккан Надир Шах көчүрүп келген. Алардын айрымдары Мияб жана Кубеган, калгандары Мешхед жана Келат райондоруна отурукташкан. Айрым топтор Кабулга жана Кандагарга чейин жетип, калктуу конуштарды ээлешкен. Афшарлар тобунун бир бөлүгү (Хорасандын жергиликтүү тургундары) Түркиянын түндүгүндөгү Кызыл-Ирмак дарыясынын өрөөнүнө көчүп барып, түрктөр менен ассимиляцияланган. Алар негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишет. Аялдары жүндөн килем, таар, кездеме токушат. Афшарлар топурактан согулган, үстү жыгач менен жабылган үйлөрдө жашашат.