АФРИГИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФРИГИДДЕР— иран тектүү хорезмдик шахтар династиясы (4—10-кылымдар), 305-жылы Хорезмде шах Африганын такка отурушу менен негиз салынган. Жалпысынан Афригиддерден 21 башкаруучу чыккан. Афригиддер мамлекетинин борбору Кят шаары (Аму-Дарыянын оӊ жээгинде жайгашкан). Алардын тушунда Орто Азиянын ири маданий борборунун бирине айланган. Афригиддер мамлекетинин гүлдөп өскөн мезгили 7-кылымдын 2-жарымы — 8-кылымдын башына туура келет. 712-жылы арабдар басып алышкан. 8-кылымдын аягында ислам динин кабыл алышып, башкаруучулары араб ысымдары менен атала баштаган. Кятта таасирин сактап калган Афригиддердин акыркы өкүлү Абу-Абд-Аллах Мухаммеддин 995-жылы Үргөнчтүн эмири Момун тарабынан өлтүрүлүшү менен династия кыйраган. Афригиддер династиясынын аталышы 4‒8-кылымдардагы Хорезмдеги афригид маданиятына көчкөн. Афригиддер жөнүндөгү негизги маалыматтар хорезмдик Бирунинин тарыхый эмгектеринде камтылган.