АУЕСКИ ЫЛАҢЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АУЕСКИ ЫЛАҢЫ, ж а л г а н к у т у р м а ‒ малдын борбордук нерв системасын, дем алуу органын жабыркатуучу жугуштуу ылаӊы. Кишиге жугат. Венгер бактериологу А. Ауескинин ысымынан аталган (1902). Ылаӊды вирус козгойт. Малдын борбордук нерв системасы, дем алуу органдары жабыркап, денеси абдан кычышат. Айрыкча чочко чарбасы менен айбанат фермаларына чоӊ зыян келтирет. Көбүнчө кеч күздө же кышка жуук кемирүүчүлөр орун (ийин) которгон мезгилде пайда болот. Ылаӊдаган мал, айрыкча торопой өлүмгө көп учурайт. Вирусту кемирүүчүлөр таратат; жем, чөп, сүт ж. б. аркылуу да жугат. Ылаӊдын негизги белгилери: дене кычышат (ылаӊдаган мал көрүнгөн нерсеге кычышкан жерин сүрөт); ошондой эле калтырайт, кусат, чөп жебейт, мурдунан суу куюлат, шилекей агат, тердейт, жөтөлөт. Ылаӊды алдын алуу үчүн эмбрин ‒ ОА формол-вакцинасы, чочколор үчүн БУК ‒ 628 штаммынан даярдалган вакцина колдонулат. Дарылоо чаралары: гаммаглобулин, гипериммундуу кан сары суусу колдонулат. Ылаӊды кабылдатпас үчүн стрептомицин куюлат. Ылаӊ чыккан чарбага карантин коюу керек.