АТЫРГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЫР ГҮЛ, л о л а, р о з а (Rоsа) ‒ роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Жалбырагы күбүлмө же дайыма жашыл, бадал, чанда чырмалып өсүүчү лиана. Өркүнү майда тикендүү.

АТЫРГҮЛ41.png

Жупсуз жалбырагы канат сымал. Гүлү (жазылыгы 2‒15 см) жөнөкөй же тармал, жагымдуу жыты бар; кызыл, ачык кызыл, ак, сары, кызгылтым, көгүлтүр түстө, жалгыздан жайгашат же чатырча-шыпыргы сымал топ гүлдүү. Мөмөсү ‒ жалгыз уруктуу жаӊгакча. Анын 400дөй жапайы түрү (ит мурундар ) белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашуун түрү белгилүү. Курт-кумурскалар аркылуу чаӊдашып, мөмөсү канаттуулар ж. б. жаныбарлар менен таралат. Ал тез өзгөргүчтүгү менен айырмаланып, гибриддештирүү жана тандоо менен бакта өстүрүлүүчү Атыргүлдүн көп түрү алынган. Анын Кытай (кытай Атыргүл гүлү), Кичи Азия (галл Атыргүл гүлү), Афганстан, Ирак, Армения (сары Атыргүл гүлү), Ыраакы Чыгыш, Японияда (көп гүлдүү Атыргүл гүлү ж. б.) өсүүчү жапайы көп түрү азыр колдо өстүрүлөт. Кооздук үчүн өстүрүлүүчүлөрү (25 миӊдей түрү) 3 топко бөлүнөт. Жылына бир жолу жаздан баштап кеч күзгө чейин гүлдөйт. Бул топко паркта өстүрүлүүчү Атыргүл гүлдөрдөр (ламберт, вихурайану гибриди, кордези, голл ж. б.) кирет. Дайыма жашыл түрү тез өсүп, көпкө гүлдөйт. Буларга бакта өстүрүлүүчү Атыргүл гүлдөр (наузету, бурбон, чай, чай-гибрид, полианту, лолианту-гибрид ж. б.) кирет. Лиана түрүнүн өркүнү 10‒12 мге жетип, жай мезгилинде бир жолу гүлдөйт. Лианаларга көп гүлдүү Атыргүл гүлү кирет. Кооздук үчүн көбүнчө чай-гибрид (гүлү чоӊ, тармал, жыты жагымдуу) жана флорибунда (көпкө гүлдөйт) Атыргүл гүлдөрү өстүрүлөт. Анын айрым түрлөрүнүн (француз Атыргүл гүлү ж. б.) гүл желекчесинен жыттуу эфир майы (роза майы) алынат. Кээ бир түрүнүн жалбырактарынан кыям жасалат, жалган мөмөсүндө аскорбин кислотасы көп болгондуктан, витамин жасоодо пайдаланылат. Розадан боегуч жана ийлегич заттар да алынат. Илдеттери: чаӊгыл кебер, боз чирик ж. б.
Ад.: Клименко В. Н., Клименко 3. И. Розы, 3-изд. Симферополь. , 1974.