АТРАЗИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТРАЗИН, N5С1 ‒ ак кристалл түрүндөгү гербицид. Сууда начар эрийт, көпкө сакталат. Негизинен жүгөрү, таруу айдоо талааларында, жүзүмзарда, алма, алмурут багында отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн колдонулат. Атразин топуракта жай ажырайт. Жазында гектарына 2 кг Атразин чачылган жүгөрү же таруу эгилген талааны тереӊ айдап, ага күздүк эгин, кийинки жылы жаздык эгин, буурчак сепсе, тамеки, картошка тиксе болот, бирок кызылча, уй беде себүүгө болбойт. Бир га жерге 2 кгдан көп чачылса күздүк себүүгө жарабайт, кийинки жылы жүгөрү, картошка жана беде гана эгүүгө болот.