АТООЧТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТООЧТОР ‒ лексика-семантикалык мааниси боюнча заттардын атын, сын-сыпатын, санын билгизүүчү, маани берүүчү сөз түркүмдөрүнүн тобу. Атоочторго зат, сан, сын, ат атоочтор кирет. Бирок булар өз ара лексика-семантикалык, грамматикалык белгилери боюнча айырмаланса да, атоо мааниси жана айрым грамматикалык категориялар (жөндөмөлөр, көптүк, таандык мүчөлөр) негизинен алардын бардыгына орток.