АТЛАНТРОП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТРОП (Атлас ‒ Африкадагы тоолуу өлкө жана гр. anthropos ‒ адам) ‒ Африканын түндүгүнөн табылган адам сөөгүнүн аталышы. 1954‒55-жылдарда Алжирден француз археологдору тарабынан ачылган. Атлантроптун жаак сөөгү өтө чоӊ, ээк сөөгү жок, тиштери чоӊ, төбө сөөгү калыӊ болгон. Сөөктөр менен кошо шелль-ашель дооруна таандык таш куралдар да табылган. Анатомиялык түзүлүшү жагынан Атлантроп эӊ байыркы адамдарга ‒ архантропторго окшош, питекантроптордун Түндүк Африкадагы түрүнүн өкүлү катарында эсептелет. Атлантроптор болжол менен мындан 360 миӊ жыл мурда жашаган.