АТАЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАЛЫК, а т а б е к ‒ мамлекетти башкарууда жашы жете элек жаш ханзаадаларды тарбиялоочу адамга ыйгарылган жогорку мансап. Аталык өзү тарбиялаган ханзаада бийликке келген учурда анын кеӊешчиси катары милдет аткарган. Орто кылымдарда (7‒8-кылымда, кийин 15‒19-кылымда) Түрк, Батыш Түрк кагандыктарында, Кимак-кыпчак, Огуз, Кыргыз мамлекеттеринде, кийин Хива, Бухара, Кокон, Казак хандыктарында Аталык мансабы кеӊири колдонулган. Орто Азия элдеринде Аталык мансапка ээ болгондордун ичинен эӊ белгилүүсү ‒ Алымкул Аталык. Кокон хандыгында ордодо Аталык мансабын ээлеген Мусулман- кул, Алымкул сыяктуу бир катар кыргыз-кыпчак төбөлдөрү тактынын мурасчысы эрезеге жете электе хандын милдетин да аткарып турушкандыгы белгилүү. Кээде ордодогу таасирин бекемдөө үчүн атайылап бийликке жаш ханзаадаларды коюшуп, өзүлөрүн Аталык деп жарыялоо менен хандык бийликти толук колго алышкан.