АТ-БАШЫ-ЭҢИЛЧЕК ЖАРАКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ-ЭҢИЛЧЕК ЖАРАКАСЫ ‒ Түштүк жана Ортоңку Теӊир-Тоо зоналарынын тоо тек катмарларын бөлүп турган тектоникалык тереӊ жарака. Фергана кырка тоосунун чыгыш тарабында. Ал батышты, түндүк-чыгышты карай Ат-Башы кырка тоосунун түндүк этеги менен созулуп, Улан, Көк-Жар, Чакыр-Корум өрөөндөрү аркылуу өтүп, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түштүк капталы менен Эӊилчек суусун бойлоп кетет. Узундугу 500 кмден ашык. Жарака кесип өткөн тоо тектер өтө талкаланып жана метаморфизмделип, негизинен сланецтерге айланган. Жарака палеозой заманынын орто ченинде эле ар кандай багытта жылышкан жер кыртыш бөлүктөрүн ажыратып турган. Геофизикалык аныктоолор боюнча, ал жер кыртышын бүт жарып өтүп, мантиянын үстүн бир кыйла жылыштырып жиберген эӊ тереӊ жаракалардан.