АСЫЛ-БАШ
Jump to navigation
Jump to search
АСЫЛ-БАШ ‒ Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Аты окшош айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 20 км түндүк-батыш тарапта. Беловодский темир жол бекетинен 12 км. 1924-жылы орношкон. Деӊиз деӊгээлинен 1560 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2136 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, маданият үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.