АСТЕНОСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСТЕНОСФЕРА (жаӊы латынча asthenosphaera, грекче asthenes ‒ начар жана сфера) ‒ Жердин мантиясынын үстүнкү бөлүгүндөгү катуулук, бекемдик жана илээшкектик касиеттери төмөнүрөөк болгон катмар. Биринчи жолу 1914-жылы америкалык геофизик Ж. Барелл болжолдогон, 1951-жылы Б. Гутенберг сейсмологиялык жол менен тактаган. Ал континенттерде жер бетинен 200 км, океандардын түбүнөн 100 км тереӊдикте орун алып, төмөнкү чеги 150‒200 кмге жетет. Астеносферада сейсмдик толкундар башка катмарларга салыштырганда жайыраак тарай тургандыгы геофизикалык изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. Астеносфера жанар тоолордун пайда болуусуна жана жер кыртышындагы тектоникалык кыймылдарга себеп болот.