АССОЦИАЦИЯ (химияда)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ, х и м и я д а ‒ бирдей же жаратылышы боюнча жакын молекулалар эритмелерде салыштырмалуу туруксуз топторду ‒ ассоциаттарды (димерлерди, тримерлерди ж. б.) пайда кылуусу. Аларда молекулалар суутектик байланыш, ван-дер-ваальс, диполь-диполдук ж. б. күчтөр менен байланышкан. Ассоциация эритмелердин физикалык-химиялык касиеттерине таасир этет. Электролиттердин эритмесиндеги иондордун Ассоциациясы иондук жуптар, тримерлердин пайда болушу алардын заряддарынын электростатикалык өз ара аракеттенүүсү жана сольватташуусу менен түшүндүрүлөт. Иондордун Ассоциациясы алардын зарядына, радиусуна, электрондук катмарларынын түзүлүшүнө жана эриткичтин диэлектрдик өткөргүчтүгүнө, анын молекулаларынын электрон донордук жана электрон акцептордук касиеттерине көз каранды.