АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ ‒ оптикалык жактан аракетсиз жана ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу химиялык процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физикалык факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-жылы немец химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус кислотасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай Ассимметриялык синтезге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоӊ мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин кислоталарды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланинди ж. б. синтездөөдө колдонулат.