АСПАПТАШТЫРУУ
Jump to navigation
Jump to search
АСПАПТАШТЫРУУ (инструментовка) ‒ музыкалык чыгарманы оркестрдин (симфониялык, үйлөмө, эл аспаптары жана башка), аспаптык топтун, түрдүү камералык ансамблдердин аспаптары үчүн жазуу. Аспапташтыруу композиторлор тарабынан оркестрдеги (квартет, трио) аспаптардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен музыкалык чыгармалардын идеялык-эмоциялуу мазмунун таасирдүү чагылдыруу максатында пайдаланылат. 17‒18-кылымдарда өнүккөн. Башка аткаруучу түзүм үчүн жазылган чыгармаларды оркестрге салуу көп учурда оркестрлештирүү деп аталат. Аспапташтырууга К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине түшүрүлгөн М. Огинскийдин «Полонези», Ф. Листтин «Венгр рапсодиясы» мисал. Аспапташтыруу музыкалык окуу жайларда жана консерваторияларда программа боюнча окутулат.