АСКЕРДИК УСТАВДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК УСТАВДАР– аскер бирикмелерин жанa бөлүктөрүн согуштук аракеттерде колдонуунун принциптерин жанa жолдорун, максаттарын, милдеттерин аныктоочу, ошондой эле аскер кызматкерлеринин милдеттерин, өз ара мамилелерин, жалпы аскердик турмуш жана тиричилик, кызмат өтөө тартиптерин аныктоочу расмий документтердин жыйындысы. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө Жалпы аскердик уставдар 1998-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, «Ички кызмат уставы», «Гарнизондук Кызмат уставы», «Тартип уставы» жанa Koproo Министринин буйругу менен бекитилген «Сап уставын» камтыйт.