АСКЕРДИК ТАРТИП
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕРДИК ТАРТИП– мыйзамдарда жана аскердик уставдарда белгиленген эрежелерди сактоо, ошондой эле аскер башчыларынын көрсөтмө-тапшырмаларын бардык аскер кызматындагылар тарабынан бузбай так аткаруу шарттары. Аскердик тартип зордукка же опузага эмес, ар бир аскер кызматкеринин өзүнүн Мекенин коргоону жоокердик ыйык милдети экендигин сезгендигине таянат. Аскердик тартип жөнүндөгү куралдуу күчтөрдүн уставы 1998-жылы КРдин Жогорку Кеңешинин чечими менен бекитилген.