АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ– аскердик кызматты, турмушту, андагы маселелерди чагылдырууга багытталган басма продукциясы: негизинен аскер кызматындагы окурмандарга арналган маалымат каражаты. Аскердик басма сөз – куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдү саясий, аскердик, маданий жактан тарбиялоонун жана аскердик билимди таратуунун маанилүү куралы. Мезгилдүү (аскердик гезиттер, аскердик журналдар, мезгилдүү жыйнактар, бюллетендер ж. б.) жана мезгилдүү эмес (китептер, брошюралар, баракчалар ж. б.) болуп бөлүнөт. КРде кoproo министрлигинин «Ыйык милдет» гезити чыгарылат.