АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ — аскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. Аскер шаймандарына: бел кур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөк кап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы ж. б. кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин Аскер шаймандарында айырмачылыктар бар.
Э. Ы. Кадыров.