АСКЕР СОТТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР СОТТОРУ– аскер кызматкерлеринин укуктук корголушун, аскер кызматчысынын статусуна ээ жарандардын, ошондой эле аскер кызматчыларынын, аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызматкерлердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) жана алар кабыл алган чечимдердин натыйжасында бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо боюнча жарандык иштерди кароочу мамлекеттик орган. Аскер соттору аскер кызматчылары, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыш иштерин да карайт. Аскер соттору КРдин Аскер сотунан жана гарнизондордун аскер сотунан турат. Гарнизондордун Аскер соттору биринчи инстанциядагы соттор, КРдин Аскер соту – экинчи инстанциядагы сот болуп эсептелет.