АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн жана кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, петлицалар, аксельбанттар, төш жана жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу жана петлицалардагы белгилер (кокардалар, эмблемалар, жылдыздар ж. б.), канттар жана лампастар кирет.