АСКАРИДОЗ мите оорусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКАРИДОЗ адамдын – адамдын жана кээ бир жаныбарлардын жумуру курттар – аскаридалар пайда кылуучу мите оорусу. Аскаридалар кишинин ичегисинде мителик кылат; узундугу 40 см; ургаачысы суткасына 200 миңге чейин жумуртка тууйт. Ал оорулуунун ичегисинен заңы менен сыртка чыгат. Аны менен булганган жашылча-жемиш, мөмөлөрдү жегенде, кээде кайнатылбаган сууну ичкенде кишиге жугат. Ичегиде жумурткадан личинка пайда болот. Личинка ичегинин капталын тешип, вена кан тамырларына өтүп, кан агымы менен жүрөккө, өпкөгө, андан бронхторго келип, дем алуу жолу аркылуу ооз көңдөйүнө келет. Ооздон шилекей менен кошо жутканда кайра ичегиге кетип, жетилген аскаридага айланат. Аскаридоздун өтүшү 2 стадияга бөлүнөт: 1-стадиясы көбүнчө билинбей өтөт; кээде дене ысып, жөтөлөт, териге бөрү жатыш чыгышы мүмкүн. 2-стадиясында оорулуунун жүрөгү айланат, ичи ооруйт, бат чарчайт. Балдар уктап жатканда тишин кычыратат; деми кысылат, бронхит, аз кандуулук пайда болот. Аскаридоз өтө коркунучтуу кабылдап кетүүгө алып келиши ыктымал. Аскарида өт баштыгына, өт жолуна кирсе ириңдүү холецистит, боор абцесси, перитонит, уйку безинин түтүгүнө өтсө – катуу кармаган панкреатит, ичеги өткөөлсуздугу ж. б. пайда болот. Аскаридозду алдын алууда өздүк гигиена эрежелерин сактоо, жашылча-жемиштерди жээрден мурда жакшылап жууп, кайнатылган суу менен чайкоо керек.